Усмановдун "Дилбары" Барселонага токтоп, көргөндөрдүн оозун ачырды. Сүрөт

Интернет колдонуучулардын бири "миллиардерлердин кемечелери Усмановдун кемесинин жанында түккө турбай калат экен" деп жазды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. - Sputnik. Алишер Усмановдун яхтасы Барселонадагы портко токтоп, элдин болуп көрбөгөндөй кызыгуусун жаратты. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Жергиликтүү жашоочулар менен туристтердин "Дилбар" кемесинин фонунда сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырып жаткан чагы.

Интернет колдонуучулардын бири "миллиардерлердин кемечелери Усмановдун кемесинин жанында түккө турбай калат экен" деп жазды.

Айтмакчы, узундугу 156 метрлик "Дилбар" Бруней ханзаадасынын жана Роман Абрамовичтин кемелеринен да ашып кетет.

Жалпыга маалымдоо каражаттары "Дилбарга" Усмановдун 600 миллион доллары кеткенин жазышты.

Ал эми интернет колдонуучулары Алишер Усманов Барселонага эмне келгенине кызыгууда.

ЖаңылыктарКоомАзияДүйнөдөБасма сөзгө баяндамаБарселонаАлишер Усмановмиллиардер