Финалга аз калганда... Айсулуу Тыныбекованын Болгарияда коло алган видеосу

Кыргызстандык спортчу жарым финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукка бир упай (10:11) гана айырмачылыкта утулуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik.Айсулуу Тыныбекова Болгариядагы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык турнирде үчүнчү орунду камсыздады. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтында айтылат.

Учурда Болгариянын Русе шаарында күрөштүн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы түрлөрү боюнча балбандардын рейтингин аныктаган "Дан Колов жана Никола Петров" аталышындагы турнир өтүп жатат.

Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Ал 1/8 финалда италиялык Аврора Кампаньюну 11:0 упай эсебинде уткан.

Чейрек финалда Швеция мамлекетинен келген Мария Нигренди 8:1 упай эсеп менен жеңген.

Бирок жарым финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукту утуп алууга бир гана упай (10:11) жетпей калды.

Мындан тышкары, Болгариядагы мелдеште коло байгени Руслан Царев (72 кг) менен Асан Сулайманов (55 кг) алган.

Ал эми алтын медалды Мурат Рамонов (130 кг) тагынганы белгилүү болду.