Токтогул районунун акими дайындалды

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Абылгазиев кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп Таалайбек Жайылов дайындалды. Бул тууралу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жайылов буга чейин аталган райондогу Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Токтогул районунун мурдагы акими Майорбек Сатымкулов өз милдеттерин так аткарган жок деген негиз менен кызматтан алынган болчу.