Путин Красноярскиде Универсиаданы ачты. Кыргызстандан баргандар

Кыргызстандын атынан беш спортсмен катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. – Sputnik. Красноярскиде студенттер арасындагы кышкы Универсиаданын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Россиянын президенти Владимир Путин мелдешти ачык деп жарыялап, универсиада спорттун тарыхына кирерин айтты.

“Биз конокторубузду ар дайым меймандостук менен тосуп алабыз. Бардык спортчуларга, машыктыруучулук штабдарга, федерацияларга спортту туу тутканы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Путин.

Ал катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

“29-дүйнөлүк кышкы универсиаданы ачык деп жарыялайм”, - деди президент.

Дүйнөлүк кышкы универсиада Красноярскиде 2-12-март аралыгында өтөт. Ага 17ден 25 жашка чейинки студенттер катышат.

Кыргызстандан барган делегация 8 адамдан турат:

  • Максим Гордеев – лыжа жарышы;
  • Евгений Тимофеев – лыжа жарышы;
  • Игорь Борисов – лыжа жарышы, машыктыруучу;
  • Алексей Вакурин – сноуборд;
  • Тимур Губаев – сноуборд, машыктыруучу;
  • Эльзар Абдыракманов – спорт багытточу;
  • Алымбек Калыс уулу – спорт багытточу;
  • Кубаныч Эрмеков – делегация жетекчиси.