БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II көгала болгон колу менен сүрөткө түшкөнүн The Daily Mirror жазды.
Букингем сарайында ханыша ханбийке Анна менен биргеликте Иордания королу Абдалла II жана канайым Ранияны, мураскер ханзаада Хуссейнди кабыл алган.
Сүрөт социалдык тармакка чыгып, ханышанын үй-бүлөсүнүн күйөрмандары Елизавета IIнин колу көгөрүп калганын байкап, жазып чыгышкан.
Бир тобу тынчсызданса, бир катарлары ар кыл түкшүмөлдөрдү айтышкан.
"О, кудай... Колунан жаракат алганбы? Тезирээк жакшы болуп кетсе экен", — деген Twitter аккаунтунун ээси.
"Айыгып кетсин", — деген дагы бири.
Маалыматтардын биринде колдун кайсы бир оорудан кийин көгөрүп калары жазылган.