Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү кеңейтилип жатат

Мэрия Ала-Арча дарыясынын жанына жер үстүндөгү өтмөк курууну пландоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Борбор калаада Жибек Жолу проспектисинин батыш автобекет аймагындагы бөлүгү кеңейтилип жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кеңейтүү иштери Фучик көчөсүнөн Чымкент унаа жолуна чейин жүрүүдө.

30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Жолдун эки тарабынын тең узундугу 800 метр, туурасы 17 метрди түзөт.

Мэрия Ала-Арча дарыясынын жанына жер үстүндөгү өтмөк курууну пландап жатат.

Мындан сырткары, Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектиси, Жибек Жолу менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишиндеги жана Ала-Арча дарыясынын жанындагы электр мамылары менен жол чырактарын жылдыруу каралууда.