БИШКЕК, 1-мар. — Spytnik. Бүгүн борбор калаада экс-президент Роза Отунбаева Баялинов атындагы жаштар жана өспүрүмдөр китепканасында кенже класстын 60ка чукул окуучусуна китеп окуп берет. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан билдиришти.
Иш-чара "Жылдыздар китеп окушат" деп аталган акциянын алкагында өтмөкчү.
"Экс-президент Отунбаева Бишкек шаарындагы кыргыз тилдүү мектептердин 3-4-класстарынын окуучуларына көркөм адабий чыгармаларды окуп берет. Бул иш-чарага 60ка жакын бөбөк келмекчи", — деп айтып беришти аталган фондудан.
"Жылдыздар китеп окушат" долбоору бир нече жыл мурда башталган. Кыргызстандагы адабияттын, маданияттын өкүлдөрү, педагогдор, Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин Ош, Бишкек шаарларында кичинекейлерге китеп окуп берген.