Радио

Кудаяров: компьютердик оюндарга азгырылган балдар көбөйүүдө

ИИМдин Бишкек шаары боюнча профилактика жана коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Марат Кудаяров өспүрүмдөр арасында жайылган "48 саатка жашын" кооптуу оюну Кыргызстанда катталбаганын айтты.
Sputnik
Кудаяров: компьютердик оюндарга азгырылган балдар көбөйүүдө

Жылдан-жылга компьютердик оюндарга азгырылган балдардын саны өсүүдө. Мисалы, былтыр 1000ден ашуун баланы атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда, түн бир оокумда компьютердик клубда ойноп отурган жеринен үйлөрүнө кайтарганбыз. Бул тууралуу Марат Кудаяров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомчулукту дүрбөлөңгө салган "Көк кит" тармактык оюну сыяктуу "48 саатка жашын" мобилдик оюну азырынча Кыргызстанда каттала элек. Ошентсе да, тартип сакчылар "кошуна мамлекеттерде катталды" дегенди угуп, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Мындай интернет оюндары 2018-жылы көп катталып, шаштыбызды алган болчу. Быйыл дагы бир түрү "48 саатка жашын" деген аталышта Казакстанда, Россияда балдар арасында тарап жатыптыр деген маалыматка ээ болгон соң өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Мектептерди аралап, педагогдор менен биргеликте балдарды ар кандай кооптуу интернет оюндарынан алыс болууга чакыруудабыз", — деди Кудаяров.

Анын айтымында, азырынча өлкө аймагында мындай оюндан балдар жабыркаган бир дагы факты каттала элек.

Алтыбаева: жакында ичимдик сатууга тыюу салууну сунуштайбыз
"Кыргызстанда башка көйгөй бар. Бул жаш балдардын компьютердик оюндарга жылдан-жылга көп тартылуусу. Мисалы, былтыр атайын рейддин алкагында Бишкек шаарында эле 1000ге жакын баланы компьютердик клубдарда отурган жеринен үйлөрүнө кайтарганбыз. Негизи балдар түнкү саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда жалгыз жүрбөшү керек. Ага карабай эле компьютердик клубдарда түн бир оокумга чейин түрдүү оюндарды ойноп отурган балдарды кезиктирүүгө болот", — деди Кудаяров.

Ал ата-энелерди балдарына көңүл буруп, компьютердик клубдарга жөнөтпөөгө чакырды.