Радио

Сатыбалдиева: Кыргызстанда 1000 кишиге 5-6 гана донор дал келет

Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева канга муктаж болгон адамдардын саны бир секундага да токтобой өсүп турарын айтты.
Sputnik
Сатыбалдиева: Кыргызстанда 1000 кишиге 5-6 гана донор дал келет

Саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча 1000 кишини кан менен камсыз кылуу үчүн 40 донор болуш керек. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Бирок Кыргызстанда 1000 кишиге 5-6 гана донор туура келет.

"Саламаттык сактоо уюму 1000 кишиге 40 донор болушу керек деп сунуштайт. Бирок биздин өлкөдө 1000 кишиге 5-6 гана донор дал келет. Саат сайын, мүнөт сайын, секунд сайын канга муктаж болгон адамдардын саны өсө берет. Күнү-түнү сапаттуу жана коопсуз кан менен камсыз кылышыбыз керек. Бул үчүн өз ыктыяры менен келген донорлордун санын жогорулатышыбыз зарыл", — деди ал.

Сатыбалдиева канга муктаждарга донорлордон чогулган кан текшерилип, жугуштуу оору жок экени анык болгондо гана бериле турганын кошумчалады.