Бишкекте Bentley автоунаасынын айдоочусу жол четине таштанды ыргытты. Видео

Видео 1-мартта Төрөкул Айтматов атындагы көчөдөн тартылган.
Sputnik

Бишкекте тартипке көз салган "Супер баатырды" какыс-кукус кылышты
Бишкекте Bentley үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол четине таштанды салынган баштыкты ыргытып, жолдо жүрүү эрежесин бузганын күбө "Бишкек сегодня" Telegram каналына жазып, видео жөнөттү.

Видео 1-мартта Төрөкул Айтматов атындагы көчөдөн тартылган. Анда айдоочу машинадан чыгып, жерге какырынып, таштанды салынган баштыкты жол четине таштап кеткенин көрүүгө болот.

Андан сырткары, айдоочу жолдун экинчи тилкесинен солго бурулуп кеткен.