БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Базарбаев көчөсүндө жайгашкан үйдө бекилип калган турак жай ээси өрттөн каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-февраль күнү болгон. Аталган дарекке барган куткаруучулар эшикти ачып, 60 жаштагы кишинин сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Ушу тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.
ӨКМдин берген маалыматы боюнча жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында 65 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бир адам каза таап, үч киши жаракат алган. Ал эми келтирилген материалдык чыгым 7 миллион 571 миң 444 сомду түздү.