Сауд Аравияга бараткан бүркүт, тайган, топоздордун сүрөттөрү

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаныбарлардын жүктөлүп жаткан учурунан тартылган кадрларды сунуштайт.

Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо
Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлган эл аралык паспорт берилди. Аларды Кыргызстандын Салбуурун федерациясынын баш катчысы жана Этнофестивалдын куратору Елена Соклакова менен бир ветеринар гана коштоп кетти. Ээлери 2-марттан тарта сапарга чыгышат, жаныбарларды ага чейин барган кыргызстандыктар карап турушмакчы.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Ал жактан "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

1 / 13
28-февралдын таңында Camel Fest фестивалына катыша турган жаныбарлар "Манас" аба майданынан Сауд Аравияга жөнөтүлдү
2 / 13
Нурмухаммед Эшматов Нарында багылган 14 топузун жөнөттү. Бул топоздорду үйрөтүү үчүн атайын Чоң-Алайдан саяпкер чакырылып, даярдык 1,5 айга созулган.
3 / 13
Ал топоздорду спортчулар минип кыргыздын көк бөрү, эр эңиш жана топоз жарыш оюндарын көрсөтөт. Ошондой эле фестивалдын ачылуу жана жабылуу аземинде парадга чыгат.
4 / 13
Мүнүшкөрлөр болсо 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 кушун Сауд Аравияга алып барып өнөрүн көрсөтүшөт
5 / 13
Куштардын баарын атайын жыгачтан жасалган ящиктерге салып алып кетишти
6 / 13
Фестивалга жөнөтүлгөн тайгандардын саны 15ке жетет
7 / 13
Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлган эл аралык паспорт берилди
8 / 13
Кыргызстандан жандыктарды алып кетүү үчүн Сауд Аравия жүк ташуучу учак жиберген
9 / 13
Жаныбарларды унаадан түшүрүп учакка жүктөгөнгө чейин Авиакоопсуздук кызматы көзөмөлдөп турду
10 / 13
Camel Fest фестивалы 9-марта башталып 23үнө чейин созулат.
11 / 13
Кыргыз тайгандары биринчи ирет алыскы өлкөгө чыгып жатат
12 / 13
Адамдар сыяктуу эле кезегин күтүп турган бүркүттөр. Бажыдан ар бирин тыкыр текшерип жатышты.
13 / 13
Бүркүттөрдү ушундай ящиктерге салып тобу менен жүктөп алып кетишти