Кыргызстанда үч гана адам чет элдиктерге курал белек кыла алат

2010-жылдан бери Кыргызстанда 157 чет элдик кишиге курал-жарак белекке берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова кандай учурда жана критерий менен чет элдик жарандарга курал-жарак белек катары тапшырыларын жана кимдер сыйлай аларын парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

Бүгүн депутаттар "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууда кабыл алынды.

Сегиз жылда 157 чет элдик жаран курал-жарак менен сыйланган
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев курал-жаракты белек кылып тапшыруу бул чоң сыйлыктардын бири экенин айтып, чет элдиктерди мындай сыйлык менен сыйлоо президенттин, премьердин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын буйругу менен гана ишке ашарын айтты.

Депутат Мамашова "Ички иштер министрлиги чет элдик жарандарды курал-жарак менен сыйлай албайбы" деп суроо салды.

Орозалиев министрликтин андай укугу жоктугун жана жогоруда айтылган үч гана киши ошондой укукка ээ экенин билдирди.

Эске салсак, 2010-жылдан бери Кыргызстанда 157 чет элдик кишиге курал-жарак белекке берилген.