Кара-Кулжада Honda Stepwgn оодарылып, айдоочу набыт болду. Сүрөт

Каза болуп калган 41 жаштагы айдоочунун сөөгүн куткаруучулар чыгарышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кара-Кулжа районунда Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, натыйжада машина оодарылып калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 28-февралда түнкү саат бирге чукул болгон. Унаа жолдон чыгып кеткени айтылууда. 

Жерине барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган кишини чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош облустук милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, айдоочу каза болуп калганын айтты.

"Минивэнди Чүйдүн 41 жаштагы тургуну айдап бара жаткан. Ал рулга ээ боло албай, оодарылып кеткен унаа парапетти сүзгөн. Натыйжада айдоочу каза болгон", — дешти милициядан.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды.