Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган

Ош облусундагы Кара-Кулжа айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа бетон тосмону сүзүп, оодарылып калган. Айдоочусу болсо мүрт кеткен.
Sputnik

Бишкекте жеңил авто маршрутка менен кагышты. Кырсыктын видеосу
Окуя 28-февралга караган түнү саат 00.44төр чамасында болгон. Жерине куткаруучулар тобу келип айдоочуну салондон чыгарышкан.

Кадрдан көрүнүп тургандай, минивэн жолду бөлүп турган тосмону сүзүп, оодарылып калган. Кийин күбөлөр менен куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Рулда Чүй облусунун 41 жаштагы тургуну болгон. Учурда сотко чейинки баштапкы териштирүү иштери жүрүүдө.