БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik.Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Өзүнүн айтымында, адам бир жерде үч жылдан ашык жетекчи болбошу керек деген ой менен ушундай чечим кабыл алган.
"КТРКдагы төрт жылдык жетекчилик миссиям аяктады. Бул аралыкта өлкөнүн биринчи каналынын эң мыкты жетекчиси боло алдым деп айтпайм. Бир катар кемчиликтер, каталар кетти. Жыгылуу, жаңылуулар менен биргеликте кайра туруу, ийгиликтер дагы болду", — деди Карыпбеков.
Эске салсак, Коомдук биринчи каналдын башчылыгына алгач 22 адам талапкерлигин койгон. Алардын арасында Карыпбеков дагы бар болчу.
Учурда талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат.
Башкы директорлук кызматтын мөөнөтү — 4 жыл. Шайлоо үч этап менен өтөт. Кийинки баскычка мурунку этаптан өткөн талапкерлер гана чакырылат.
Шайлоо март айынын экинчи жарымына белгиленген.