Бишкекте жеңил авто маршрутка менен кагышты. Кырсыктын видеосу

Жол кырсыгы Алыкулов менен Лущихин көчөлөрүнүн кесилишинде 28-февраль күнү саат 10.16лар чамасында болгон.
Sputnik

Бишкекте Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп кетип, эл ташыган маршрутканы коюп алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, видеосун редакциянын WhatsApp каналына жөнөттү.

Кара-Кулжада Honda Stepwgn оодарылып, айдоочу набыт болду. Сүрөт
Анын айтымына караганда, жол кырсыгы Алыкулов менен Лущихин көчөлөрүнүн кесилишинде 28-февраль күнү саат 10.16лар чамасында болгон.

Кадрда көрүнүп тургандай, жеңил унаа маршрутка менен кагышкандан кийин айланып барып каршы тилкеде келе жаткан дагы бир маршрутканы сүзгөн.

Бишкек милициясы нөөмөт бөлүмүнө аталган даректе болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеңил унаа менен кагышкан 215-маршрутканын бригадири менен байланышканда ал жол кырсыктан эч ким жабыркабаганын жана айдоочулар инспекторлорду чакырбастан өз ара чечишип алганын белгилеген.

Анын айтымына караганда, Nissan Cefiro автосунун айдоочусу эки маршрутканын чыгымын төлөп берүүнү убадалаган.