Бишкекте бала сатып жаткан жеринен үч аял кармалды. Сүрөт

Милиция кызматкерлери сатып алуучу болуп барып, келиндерди колго түшүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте бала сатууга шектелип 31 жаштагы келин менен ага жардам берип жүргөн 50 жана 26 жаштагы эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Бишкекте бала сатып жаткан жеринен үч аял кармалды. Сүрөт

Ушул жылдын 27-февралында Биринчи Май райондук милициясына белгисиз аял өз баласын сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Милиция кызматкерлери сатып алуучу болуп барып, үч аялды колго түшүрдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 171-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголуп, шектелүүчүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Иликтөө иштери башталды.