БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу боюнча шектелип кармалган үч аялдын бири борбордогу №4 төрөт үйүнүн, экинчиси Улуттук госпиталдын кызматкери экени белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте бала сатууга шектелип 31 жаштагы келин менен ага жардам берип жүргөн 50 жана 26 жаштагы эки аял кармалган. Кийинчерээк соодаланып жаткан бала жаңы төрөлгөнү жана 190 миң сомго бааланганы белгилүү болгон.
Билдирмеге караганда, медициналык жайлардын кызматкерлери баласынан баш тарткысы келген келин менен сүйлөшүп алышкан.
"Алар келинди баладан расмий баш тартпа деп макул кылып, анысы үчүн 20 миң сом убадалашкан. Жаш эне менен ымыркай төрөт үйүнөн чыкканда ижарага алынган батирге жеткирип, кардар издей башташкан", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоочулардын келгенин көргөн төрөт үйүнүн кызматкери менен жаш эне батирдин эшигин бекитип алып ачпай, милиционерлер ӨКМ кызматкерлерин чакырууга аргасыз болгон.
Алар эшикти ачып берип, бала сатууга шектелген аялдар кармалды. Үчөө тең убактылуу кармоо жайына киргизилди.