Акжол Махмудовго операция жасалды! Балбандын алгачкы машыгуулары. Видео, сүрөт

Учурда балбан реабилитациялык курстан өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов тизесине операция жасатты. Спортчу ооруканадагы жана машыгууларынын сүрөттөрүн Instagram баракчасына жүктөдү. Аккаунт кыргызстандык кийим чыгарган компания тарабынан иштетилип, спортчунун менеджерлик ишин аркалайт.

Эске сала кетсек, марттын башында кыргызстандык балбан футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германияга бара турганы белгилүү болгон.

Махмудов соңку постунда операциядан кийин ден соолугун калыбына келтирип жатканын билдирип, машыгууга жаңы киришкен видеосун жүктөгөн.

"Ассалому алейкум! Учурда Германияда жүрөм, операция ийгиликтүү жасалды. Азыр реабилитациялык курстан өтүп жатам. Мени колдогон адамдардын бардыгына ыраазычылык. Бөтөнчө Канат Маратовичке (Спорт агенттигинин жетекчиси — ред.) спорттун өсүшүнө кошкон салымы үчүн рахмат", — деген Махмудов.

Сүрөттөрдөн Махмудовдун Германиянын Кёльн шаарында жүргөнүн көрүүгө болот.

Кайсы ооруканада операция жасалганы белгисиз.

Акжол Махмудов - өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. Соңку ирет грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып баш байгени уткан. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп Махмудовдун ыкмаларын атаган.