Кеп казына. Улуу ойчул Жусуп Баласагындын накыл кептери

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!
Sputnik

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

Кеп казына. Оорунун сырын билген табып, даанышман Мойт акенин накыл сөзү
Жусуп Баласагындын өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот. Окумуштуу Рашид Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жылдары Кашкарда аяктап, баш-аягы 18 айда бүтүргөн. 1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Жусуп Баласагын мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Анын идеялары азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.

Улуу ойчул 55 жаш курагында 1075-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" эмгегинен

Адам баласынын эң жакшы сапаттары болгон билим менен акыл тууралуу:

Билим берди — адамзат улуу болду,
Окуу менен көп ачты сырдуу жолду.

Кудайым акыл, билим кимге берсе,
Ак жолун ачып тураар миң-сан эсе.

Билим бийик түгөнбөс окуу — улук,
Адамда ушул эки артыкчылык.

Бул сөздүн тактыгына өтөм күбө,
Акылдан каалашыңча алгын, үрөн.

Окугандар акылдуу, улук болоор,
Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор.

Окуу — билим, акылдуу — акыл курап,
Билимдүү ойдогусун кабыл кылат.

Билимдин маанисин бил, айтканын ук,
Акыл ал, ар балээден кутулуп чык.

Түркөйгө оору, кырсык жакын болот,
Дарылан — ансыз өлүм алат тороп.

***

Тилдин пайда-зыяны туурасында

Эсиңе түй — тили заардын айтканын,
Болсун сенин сабырдуулук адатың.

"Заар тилим салды далай азапка!
Тилди кесем, башты сактоо максатта.

Сөздү карма, башың кесип салбасын,
Тилди карма, тишиң сынып калбасын!"

Кудай сага сүйлөөрүңө берди тил —
Башың коргоп, сөздөрүңдү тескей бил!

Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө.
Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө.

Орундуу сөз акыл-эстен от алат,
Орунсуз сөз ийиниңден баш алат.

Маңыз сөздүн көрө албадым пайдасын,
Көп сүйлөсөң чалынасың сен бачым.

Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн — оң мааниси бир сөздө.

Бийлик, атак адамдарга тил берет,
А ашык сөз — уят кылат, өлтүрөт.

***

Жакшы иштер тууралуу:

Жаштык өтөт, өмүр бүтөт элирген,
Бу дүйнө — түш, сен да өтөсүң өмүрдөн.

Өмүрүңдү Ата Журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан.

Эстүүлөрдүн айткандарын билгин сен,
"Эч ким качып кутула албайт өлүмдөн"

Бул дүйнөгө далай эрлер келишкен,
Жашап, өнүп, кез келгенде өлүшкөн.

Бек болсоң да, кул болсоң да бүт баары,
Өлөт бир күн, артта калат аттары,

Эми келди сенин дагы кезегиң,
Моюн сунуп, жакшы ишиңди өтөгүн.