Көлдүн жолун туристтик сезонго даярдай башташты. Сүрөт

Жол кыймылына тоскоол болгон тикенек, кара жыгачтар, куурап өспөй калган бактар кыйылып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылууда.
Sputnik

БАЛЫКЧЫ, 26-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жолун жайкы туристтик сезонго даярдоо жумуштарын №10 жол тейлөө мекемеси аткарып жатканын жетекчиси Шабын Акулуев билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы — Кубакы — Бөкөнбаев автожолунун бою грейдер менен тегизделүүдө.

"№10 жол тейлөө мекемеси эл аралык мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жалпы 350,6 чакырым жолду тейлейт. 1-мартка карата тазалоо иштери аяктамакчы. Бул иш бир айга жакын убакыттан бери жүрүүдө", — деди Акулуев.

Ал эми жол кыймылына тоскоол болгон тикенек, кара жыгачтар, куурап өспөй калган бактар кыйылып, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылууда.