WhatsApp спам менен айың кепти ооздуктоочу опцияны ишке киргизди

Опция месcенджердин жаңыланган версиясында иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мессенджер аркылуу ушак менен спамдардын жайылышына каршы күрөштүн алкагында WhatsApp каналы жаңы опцияны ишке киргизип жатат. Бул тууралуу Akket порталы жазды.

Мындан ары группаларга чакырыктар контактыда сакталган номерлер тарабынан гана келет. Ал эми башка номердеги адамдар чакыра турган болсо автоматтык түрдө блоктолот.

Мындай чектөөлөр мессенджердин жаңыланган версиясында иштей баштайт.