Трамп менен Ким Чен Ын көзмө-көз сүйлөштү

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 40 мүнөткө созулду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Вьетнамдын борборунда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жолукту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мамлекет башчылары бүгүн, 27-февралда, Ханое шаарында жолугуп, 40 мүнөт сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин лидерлер кечки тамакка киришти. Аларга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Ак үйдүн аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Мик Малвени, Кореянын "Эмгек" партиясынын борбордук комитетинин жетекчисинин орун басары Ким Ён Чхоль жана тышкы иштер министри Ли Ён Хо кошулду.

Перрондо тамеки тартып жаткан Ким Чен Ындын видеосу жарыяланды
Журналисттер мамлекет башчыларына бир нече суроо узатууга жетишкен. Трамп өз учурунда Ким Чен Ын менен жолукканына абдан кубанычта экенин жана АКШ менен Түндүк Кореянын өзгөчө мамилесин белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнүн болуп көрбөгөндөй экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана мыкты келечеги бар экенин кошумчалаган. Мындан сырткары, Трамп Түндүк Кореяны денуклеризациялоо шартынан баш тартпай турганын айтып, Корея согушунун формалдык негизде аяктаганын жарыялай турганын билдирди.

Ким Чен Ын болсо саммит жакшы жыйынтыктарды берерине үмүт артарын айтты.

Тараптар Сингапурда сүйлөшүлгөн макулдашууларды талкуулоону пландашууда. Саммитке чейинки акыркы күнгө чейин АКШ менен Түндүк Кореянын делегациялары сүйлөшүүлөрдүн аягында жарыялана турган билдирменин үстүндө иштешти.