ТЭЦ боюнча айыпталгандардын соту өтүүдө. Имарат алдына эл чогулду

Соттун алдына келгендер күнөөлөнүп жаткандар саясий негиз менен гана кармалып, ак жеринен айыпталып жатканын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи боюнча айыпталган сегиз кишинин Свердлов райондук сотундагы алгачкы сот жыйыны жабык эшик артында каралууда.

Эшикти тосуп турган милиция кызматкерлери буга отурум алгачкы ирет өтүп, анда алдын ала гана маалымат угула тургандыгы себеп экенин айтышты. 

ТЭЦ боюнча айыпталгандардын соту өтүүдө. Имарат алдына эл чогулду

Учурда райондук соттун имаратынын сыртында 40-50дөй киши турат. Алар соттолуп жаткандар саясий негиз менен гана кармалып, ак жеринен караланып жатканын айтышууда.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева башкы прокурор Жогорку Кеңеште ТЭЦин айланасында маалымат бергенде атайын шоу кылганын белгиледи. Ал ошондой эле ТЭЦке келтирилди делген чыгымдар туура эмес эсептелгенине токтолду.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана Ольга Лаврованын ишин Свердлов райондук сотуна жиберген болчу.