Таразда төрт кабаттуу үйдө жарылуу болду. Видео

Окуя болгон жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, дарыгерлер иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарында шаршембинин таңында төрт кабаттуу турак үйдө жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, экичи кабаттагы батирде газ жарылып, биринчи жана экинчи кабаттын ортосу урап түшкөн.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча кырсыктан эки киши каза тапкан. 300 адам эвакуацияланганы айтылды. Тез жардам унаасы менен ооруканаларга төрт адам жеткирилген. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, алар үйлөрүнө кое берилди.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, дарыгерлер иштеп жатат.