БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Экстремалдык геосаясий журналистика жаатында Юлиан Семенов атындагы сыйлыктын ээси, репортер, фотограф жана РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Вера Костамо Бишкектеги төрт окуу жайдын журналистика факультеттеринин студенттери үчүн мастер-класс өттү.
Костамо студенттерге сүрөт, видео тартып, текст жазып, экстремалдуу кырдаалдарда иштей турган универсалдуу журналист болуунун сырын ачты.
Журналист берген кеңештердин өзөктүүлөрүн сунуштайбыз:
1. Маек берген адамдын айткандарын өзгөртүүсүз жазуу керек. Оюн билүүгө барган адамга сый мамиле кылыңыз.
2. Айрым окуяларды бир нече жыл бою байкап туруш керек. Ал кайсы жагына өнүгүп бара жатканын көрүп, өзүңүз дагы көп нерсени биле баштайсыз. Бара-бара ошол жаатта адис болуп каласыз.
4. Согуш болгон жерде иштөөгө туура келсе, жашооңузду камсыздандырып коюшуңуз керек. Бул иш менен редакция алек болбосо, өзүңүз жасаңыз. Анткени жарадар болуп же командировкадан кайтпай калган учурда жакындарыңызга бир топ жардам болот.
5. Кырсык болгон жерде иштеп жатканда жакынын жоготкон адамга "кайрат кылыңыз" же "мен сизди түшүнүп жатам" деген сөздөрдү айтпай эле койгон туура. Анткени айрым кишилер мындай сөздөрдү тетири кабыл алып, ага жан дилиңиз менен мамиле кылбай жаткандай сезилип калышыңыз мүмкүн.
6. Бир топ жылдан бери респонденттеринин оор тагдырларын өз жүрөгү аркылуу өткөргөн журналист чыйралып, мерез болуп калат. Бирок жабыркаган адамга болушунча боорукерлик менен мамиле кылууга аракет кылыңыз.
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.