Бишкекте стадион курууга беш компания кызыкдар

Бийлик буга чейин инвесторлорду футбол аренасын курууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандык беш компания борбордо курула турган стадионго кызыкдар экенин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Ведомство компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууну пландап жатат. Азырынча алар тууралуу маалымат коомчулукка айтыла элек.

Буга чейин Мамагенттик инвесторлорго кайрылып, FIFA талабына жооп берген жаңы стадионду биргеликте курууга чакырган. Маселе Кыргызстан катышкан Азия кубогунан кийин көтөрүлгөн. Анда курама команда 1/8 финалга чейин ойногон.

Жакында эле бишкектик архитектор Рахатбек Байтелиев тарабынан футбол аренасынын долбоору сунушталган болчу.