Перрондо тамеки тартып жаткан Ким Чен Ындын видеосу жарыяланды

Видеого Түндүк Корея лидеринин эжеси Ким Е Чжон тамекинин күлүн түшүрө турчу табакты кармап турган учуру да түшүп калган.
Sputnik

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын Наньнин шаарындагы станцияда тамеки тартып жаткан учурун Associated Press басылмасы видеого тартып алган.

Тамеки чегүүгө болбой турган жерлер. Мыйзамдагы урунттуу учурлар
Тасмада Ким Чен Ын аткаминерлер менен сүйлөшүп жатып, тамекисин күйгүзүп жатканын көрүүгө болот. Андан сырткары, видеого эжеси Ким Е Чжон тамекинин күлүн түшүрө турчу табакты кармап турган учуру түшүп калган.

Басылманын жазышынча, Түндүк Кореяда чылым чегүүгө каршы жалпы улуттук кампания жүргөнүнө карабай, Ким Чен Ындын тамеки тартып жаткан учуру бир нече жолу байкалган.

Наньнин шаарындагы чакан тыныгуудан кийин Ындын зооттолгон поезди Вьетнамга жөнөп кеткен.

27-28-февралда Түндүк Кореянын лидери Ханое шаарында АКШ президенти Дональд Трамп менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү пландалууда.