Бүркүттүн элесин берген стадион. Кыргызстандык архитектордун эскиздери

Долбоор ишке ашса, арена 30 миң кишини батырат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды.

Долбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган.

"Эскизди окуу жайдан бирөө таап алгандыр, бирок автору менмин", — деди ал.

Аренага 30 миң киши сыят. Азырынча баасы эсептеле элек.

Кубанычбеков үч жыл мурун стадионду Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинен алыс эмес жерге салууну пландаган.

Бишкекте стадион курууга беш компания кызыкдар
Учурда архитектор курулуш компаниялардын биринде иштейт.

Эскерте кетсек, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын курама командасынын БАЭде өткөн Азия биринчилигиндеги ийгилигинен кийин эл аралык талапка жооп берген стадион курууга инвестор издей турганын маалымдаган. Жалпы жонунан беш эскиздин түшкөнү айтылды.

Кубанычбековдукуна чейин дагы бир архитектор Рахатбек Байталиев сырткы көрүнүшүндө Кыргызстан желегинин элементтерин камтыган стадиондун эскизин сунуштаган.