Иш издеп жатасызбы? 4 000 вакансиядан каалаганыңызды тандап алыңыз

Иш-чара калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин имаратында болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев.— Sputnik. Борбор калаада кыргызстандыктарга 4000 жумушчу орун сунушталган кезектеги жарманке өтөт. Бул тууралуу ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынан кабарлашты.

Кыргыз жарандарына Санкт-Петербургдан жумуш таап берген борбор ачылат
Иш-чара 28-февраль күнү Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 13:00дөн 16:00го чейин болот.

Анда иш издеп жаткандар түз эле жумуш берчү тарап менен сүйлөшүп, вакансиялар менен тааныша алышат.

Жарманкеге 30дан ашык ишкана жана шаардагы уюмдар катышары айтылды.

Мындай иш-чаралар калаада ай сайын өткөрүлүп турат.