Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды

Кармалган кишинин буга чейин да киши өлтүрүп соттолуп чыкканы белгилүү болду.
Sputnik

Бишкектеги коомдук тамактануучу жайдын кассасын карактаган киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Нарын шаарындагы май куюучу жайдан 120 миңдей сом тонолду
Билдирүүгө ылайык, окуя 20-февраль күнү болжол менен саат 22.50дө болгон. Кара беткап кийген киши кафеге кирип барып, кассада отурган адамга тапанча кезеп, 63 миң сом алып кеткен.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, шаардын Биринчи Май райондук милициясы "Каракчылык" беренесинин негизинде сотко чейинки тергөө иштерин баштаган.

Беш күндөн кийин аталган кылмышка шектелип 36 жаштагы адам кармалган. Анын буга чейин да киши өлтүрүп соттолуп чыкканы белгилүү болду.

Иликтөө учурунда шектүүнүн туугандарынын үйүнөн травматикалык тапанча табылган. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешесинин бар-жогу такталып жатат.