Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт

Колго түшүрүлгөн адам райондук соттун чечими менен эки айга камалды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун 57 жаштагы тургунунун үйүнөн 8,1 килограмм кара куурай табылганын аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдары аталган жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөнү жана аны сатууга аракет кылып жатканы боюнча маалымат алган. Бул окуя Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, баштапкы териштирүү аракеттери көрүлгөн. Анын жыйынтыгында Чоң-Сары-Ой айылынын 57 жаштагы тургунун шектүү катары кармаган. Ал буга чейин мал уурулук менен отуруп чыкканы белгилүү болгон.

Абакка киргизилген баңгизат. Жалал-Абадда депутат кармалды
Баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү шектелген жарандан баңгизатын сатып алууга макулдашып, соодалаша турчу жер белгиленген. 57 жаштагы жаран ширенкенин кутусуна салынган 550 грамм кара куурайды сатып жаткан учурда кармалган. Кийин шектүүнүн үйү тинтилип мүшөккө салынган 8,1 килограмм кара куурай табылган.

Ошондой эле кара куурайды майдалай турчу колго жасалган станок да алынган. Кармалган жаран райондук соттун чечими менен эки айга камалды.