Москвадагы суши-барда бычакталган киши тууралуу элчилик эмне дейт

Окуя 25-февралда Москва шаарындагы Старокачаловская көчөсүндөгү соода борборлорунун биринде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Москвадагы суши-барда болгон чатакта жигит таанышын бычак менен көкүрөккө сайып өлтүрүп алган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча окуя 25-февралда Москва шаарындагы Старокачаловская көчөсүндөгү соода борборлорунун бириндеги суши-барда болгон. Жаш жигиттер чатакташа кетип 25 жаштагы бала 24 жаштагы таанышын көкүрөк тушка бычак менен сайып алган. РИА Новости өз булактарына таянып жазганы боюнча жаңжалдаша кеткендер Борбор Азиядан келишкен.

Кой-Таш айылындагы талаадан 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
Аталган факты боюнча 25 жаштагы жаранга карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган факты боюнча маалыматы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, "жаңжалга катышкандар Кыргызстандын жараны же жараны эместигин тактап жатканын маалымдашты.