Сауд Аравия Кыргызстанга 30 млн. доллар берет. Акча эмнеге жумшалат

Саудиялык өнүктүрүү фондусунун жетекчилиги Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоонун көлөмүн арбыта тургандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Сауд Аравиядагы өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору, башкаруучулук кеңешинин төрагасынын орун басары Халид бин Салим Аль-Худейри Кыргызстанга 30 миллион долларлык каражат бөлүнө тургандыгын айтты. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 26-февралда, Сауд Аравияга жасаган сапар учурунда аталган фондунун аткаруучу директору менен жолуккан.

"Аль-Худейри алардын фондусу Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, сугат тармагына 30 миллион доллар каражат бөлө тургандыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.

Саудия тарап 2019-жылы Кыргызстандагы долбоорлорго каржы бөлүүнү көбөйтө тургандыгын да кошумчалаган.