Кой-Таш айылындагы талаадан 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Маркумдун ок жегени маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы талаада токтоп турган унаанын ичинен жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй милициясынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 25-февраль күнү эртең мененки саат 09.00дөр чамасында Аламүдүн райондук милициясына адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине укук коргоочулар барганда ок жеген кишинин сөөгү табылган. Териштирүү учурунда маркум 25 жаштагы Ш.А. аттуу киши экени аныкталды. Сөөктү куруучулар таап алган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты бирдиктүү реестрге каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүүдө.