Бразилиялык жиу-житсучу жеңилип калып, көрүүчүлөргө атырылды. Видео

Акыры жеңиш Фелипе Пенага ыйгарылып, ызы-чуу салган балбанды спорттук аренанын коопсуздук кызматы сыртка чыгарып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бразилиялык жиу-житсучу Эрберт Сантуш Сан-Паулу шаарында өткөн беттештен кийин көрүүчүлөргө атырылды. Бул тууралуу RT каналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Видеодо көрүнүп тургандай, Сантуш тизесин оорутуп алгандан кийин калыс таймашты токтотот. Андан соң балбан атаандашы Фелипе Пенанын залда отурган күйөрмандары менен айтыша кетет.

Өз дарегине орой сөздөрдү уккан Сантуш рингден секирип өтүп, кыжырына тийгендерди көздөй жөнөйт. Орто жолдо аял кишиге бир тийип, ошол жерден массалык мушташ чыгып кеткен.

Акыры жеңиш Фелипе Пенага ыйгарылып, ызы-чуу салган балбанды спорттук аренанын коопсуздук кызматы сыртка чыгарып кетти.