Бишкектин көчөлөрү жуула баштады. Сүрөт

Учурда атайын техниканын кышкы жабдыктары алмаштырылып жатат. Бир нече күндөн кийин бардыгы даяр болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууй баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда атайын техниканын кышкы жабдыктары алмаштырылып жатат. Бир нече күндөн кийин бардыгы даяр болот.

Бүгүн Аалы Токомбаев, Фучик көчөлөрү, Жибек Жолу, Манас жана Чүй проспектилери жуулат. Калган техника даяр болгондон кийин жана аба ырайы жылуу боло баштаганда шаардын бардык көчөлөрү жуула баштайт.

Жарандар район акимдеринин орун басарларына чалып байланышка чыга алат.

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
  • Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
  • Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Мындан сырткары, арыздарды Bishkek 312 мобилдик тиркемеси аркылуу дагы калтырса болот. Аны PlayMarket менен AppStore интернет дүкөнүнөн көчүрүп алуу мүмкүн.