Мушкер кызга суу жуткурган Кумар Жалиев... Кикбоксчулардын беттешинен 14 сүрөт

Sputnik

25-февралда борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Max Pro K1 (кикбокс) турнири өттү. Жалпысынан күйөрмандар 10 беттешке күбө болду.

Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу
Мелдештин башкы беттешинде кыргызстандык Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додоновду нокаут менен утуп, WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду.

Дагы бир кыргыз спортчусу Рустам Ибрагимов казак мушкери Жандос Назарбековду калыстардын чечими менен утуп Grand Prix Top-4 наамын камсыздап, сыйлык катары 100 миң сом алды.

Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы беттеште кыргызстандык спортчу Шахриза Халилова өзбекстандык атаандашы Мухае Эркинованы жеңип алган эле.

Мындан тышкары, өлкө атынан чыккан Авазбек Аманбеков, Шерзод Кабутов, Чыңгыз Бегматов, Аброр Хакимов жана Бекжан уулу Адилет жеңүүчү деп табылды.

1 / 14
Спорт сарайында профессионал кикбоксчулардын Max Pro K1 аталышындагы эл аралык турнири өттү. Сүрөттө кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов
2 / 14
Мелдешке Орто Азиянын, Россиянын жана Белоруссиянын спортчулары катышты
3 / 14
Жалпысынан күйөрмандарга 10 беттеш көрсөтүлдү
4 / 14
Кыргызстандык Шахриза Халилова тыныгуу учурунда. Суу жуткуруп жаткан бир кездеги кикбокс жылдызы Кумар Жалиев
5 / 14
Жеңиш... Кыргызстандык Шахриза Халилова өзбекстандык Мухае Эркинованы жеңди
6 / 14
Турнирдин дээрлик бардык кармашында кыргыз мушкерлери жеңишке ээ болду
7 / 14
Кыргызстандык Рустам Ибрагимов менен өзбекстандык Ильхом Рустамовдун айыгышкан кармашы
8 / 14
Рустам Ибрагимов чечүүчү кармашта казакстандык Жандос Назарбековду утуп алды
9 / 14
Ибрагимов эки атаандашты утуу менен Grand Prix Top-4 наамын камсыздап, сыйлык катары 100 миң сом алды
10 / 14
Бул жерде кыргыз-казак бир тууган деген сөз ашыкча болбосо керек
11 / 14
Күч атасын тааныбайт!
12 / 14
Турнирдин башкы беттешинде Дастан Шаршеев россиялык Алексей Додонов менен беттешти
13 / 14
Чемпион! Атаандашын нокаут менен жеңген Шаршеевге микрофон берилди
14 / 14
Бул сүрөттү сөз менен айтып берүү кыйын го...