Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө

Учурда 16 090 чарчы жерге 4175 чарчы метрлик атайын конструкция орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мэриянын "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы Чокон Валиханов көчөсүндөгү көпүрөнүн жанындагы жээгин оңдоп, иретке келтирүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда жолдун эки тарабындагы дөңсөөлөргө топуракты кармай турчу атайын торчолор орнотулду.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эки айдан бери иш алып барууда. Учурда 16 090 чарчы метр жерге атайын конструкция орнотулду. Эми анын үстүнө топурак себилип толукталгандан кийин гүл жана башка декоративдик өсүмдүктөр тигилет.

Буга чейин Манас проспектиси, Лев Толстой көчөсү, Ибраимов, Кулатов, Бөкөнбаев жана башка көчөлөрдүн жээги иретке келтирилген болчу.