Абакта 39 жыл бейкүнөө отурган кишиге 21 млн. доллар берилмей болду

Крейг Коули 1978-жылы мурунку сүйлөшкөн кызы Ронда Викт менен анын төрт жаштагы уулун өлтүрдү деген шек менен кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эки адамды өлтүрдү деген жалган жалаа менен 39 жыл түрмөдө отурган америкалык Крейг Коули 21 миллион доллар компенсация алат. Бул тууралуу ABC телеканалы кабарлады.

Абактан чыккан таксист Чыңгыз Анарбек уулун жакындары тосуп алган видео
Билдирүүгө ылайык, Крейг Коули 1978-жылы мурунку сүйлөшкөн кызы Ронда Викт менен анын төрт жаштагы уулун өлтүрдү деп шектелип кармалган. Бирок кайрадан жаңыланган тергөө иштеринин жүрүшүндө Коулинин күнөөсү жок экенин тастыктаган ДНК үлгүлөрү табылган.

Коули абактан 2017-жылдын ноябрь айында бошотулган. Эркиндикке чыкканда ал 70 жашта болчу. Сими-Вэлли шаарынын бийлик өкүлдөрү Коулиге компенсация төлөп берүүнү убадалашканын билдирди.

Бейкүнөө түрмөдө жаткан Коулинин бул экинчи компенсациясы. Буга чейин Калифорния губернатору ага штаттын аткаруу органынын бюджетинен эки миллион доллар төлөп берүү буйругуна кол койгон.