Жээнбеков Россия элчиси менен коштошуп "Даңк" медалын ыйгарды

Мамлекет башчы дипломат Кыргызстандын ардактуу коногу экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын элчиси Андрей Крутькону "Даңк" медалы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Крутьконун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктап, ордуна Николай Удовиченко дайындалды.

Жээнбеков Крутьконун кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, "Даңк" медалына татыганын айтты.

"Сиз иштеп турган маалда кыргыз-орус мамилелери жаңы деңгээлге чыкты. Сиз биздин өлкөнүн жакын досу жана ардактуу коногусуз", — деди Жээнбеков.

Россияда учакка түшүүдөгү эрежелер өзгөрдү
Элчи сыйлык үчүн президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы майнаптуу болгонун кошумчалады.

"Маанилүү бир катар маселелерди чечүүгө мүмкүн болду. Анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге кириши дагы бар. Сиз менен биргеликте Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин жөнгө салып, бардык жаатта кызматташууну камсыздадык. Россиядагы кыргыз мигранттарынын шартын жакшыртуу үчүн чоң иштер аткарылды", — деди дипломат.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарды медициналык жана социалдык тейлөө системасына киргизүү үчүн Россияда өкмөттөр аралык комиссияда талкууланарын кошумчалады.