Өмүрүнүн аягына чейин уктабай коё алган жандык аныкталды

Дизофилдер түркүмүнө кирген чымындар канчага чейин уктабай жүрө аларын аныктоо үчүн аларды такай айланып турган түтүккө жайгаштырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Лондондун падышалык колледжинин энтомологдору дрозофилдер (Drosophila) түркүмүнө кирген чымындар уктабай жашай аларын аныкташканын Science Advances басылмасы жазды.

Ичиркенесиң! Грециядагы пляждын жээгин жөргөмүштөр желе менен чырмап салды
Профессор Жорджио Жилестро башында турган окумуштуулар миңден ашык чымынга (881 ургаачы, 485 эркек) изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, ургаачы жана эркек чымындар түрдүүчө эс алары аныкталган. Ургаачылар орто эсеп менен бир сутканын 20 пайызын уктоого жумшаса (4 саат), эркектери бир сутканын 43 пайызын эс алууга кетиришкен.

Дизофилдер түркүмүнө кирген чымындар канчага чейин уктабай жүрө аларын аныктоо үчүн аларды такай айланып турган түтүккө жайгаштырышкан. Бул чымындардын жашоо узактыгы 41 күндү түзөт. Айланган түтүктөгү чымындар эч уктабай 41 күн чыдашкан.

Окумуштуулар дизофилдер түркүмүндөгү чымындарга организмдеги абалды жөнгө салуу үчүн уйкунун деле кереги жок деген жыйынтыкка келишкен.

Профессор Жилестронун айтымында, чымындын мээси абдан кичинекей болгону үчүн да ага эс алуунун деле кажети жок.