Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. 26-февралда республика боюнча күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас облусунда +7…+9 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +1…+6 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө 0…-5 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Ошто +9…+11, Бишкекте +8…+10 градуска жетет.