Кыргыз жарандарына Санкт-Петербургдан жумуш таап берген борбор ачылат

Жумушка орноштуруу борборлорунун бири Кыргызстанга, үчөө Тажикстанга ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жана Тажикстандын миңден ашык жараны Санкт-Петербургда расмий түрдө ишке орношууну каалайт. Бул тууралуу аталган шаардын эмгек ресурстары борборунун сайтында маалымдалат.

Россияга мигранттар кайсы өлкөдөн көбүрөөк барары айтылды
Жыл аягына чейин кезекте турган бардык жарандар иш менен камсыз болот. Россияга мигранттарды кабыл алууну уюштуруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын аймагына 4 борбор ачылат.

Учурда тендер жарыяланып, конкурстан жеңип чыккан компания долбоордун оператору болот. Компания Тажикстанга үч, Кыргызстанга бир борбор ачышы керек. Кеңселердин аянты 20 чарчы метрден кем эмес жана шаардын борбордук бөлүгүндө орун алышы кажет.

"Мындай борборлорду ачуунун негизги максаты - Петербургга агылган эмгек мигранттарынын мыйзамсыз келишине чектөө киргизүү", — деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр Санкт-Петербургга Кыргызстандын 30,5 миң жараны барган. Ошол эле учурда борборлордун көмөгү менен 500 киши ишке орношкон.