Ошто коомдук транспорт электрондук билеттерди кабыл ала баштады

Электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн шаарга терминалдар орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февралда, Ош шаарында коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган система ишке кирди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда шаардагы №1 багыттагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл алып жатат.

"Ушул жуманын аягында троллейбустун №2 багыты, ал эми март айында коомдук автобустарда жаңы система ишке кирет. Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Картаны алуу учурунда паспорт, ал эми ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт", — деп айтылат маалыматта.

Аймактардагы жол эрежелерин бузууларды карап турчу радарлар. Сүрөт
Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Тагыраагы, ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон, ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт.

Учурда электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында "Элсом" электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоого мүмкүн болот.