Айдоочуга салынган ар бир айыптан "Кыргыз почтасына" канча сом түшөт?

Ишкананын өкүлү айып пулдар боюнча маалымат жеткирүү кадимки почта кызматынын наркында болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" боюнча айыпка жыгылгандарга кагазын жеткирип берүүдөн почтанын канча акча табарын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Назгүл Раимкулова айтып берди.

Анын маалыматына таянсак, акчаны ишкана которуу жаатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык иш алып барат.

"ЖКККББ менен "Кыргыз почтасынын" ортосунда автоунаа ээлерине салынган айыптар жазылган кагаздарды (токтомдорду) жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Анын негизинде ээсине жеткирилген жана жөнөтүлгөн ар бир токтомдон (алына турган салыктарды кошпогондо) 16 сом түшүп турат", — деп айтып берди маалымат катчы.

Почта өкүлү буга кандай кызматтар кире тургандыгын түшүндүрүп берген.

"Ишкана кабыл алуу, аны иштеп чыгуу, сорттоо жана жеткирүү менен алектенет. Бул 16 сомдун ичине почта кызматкерлерине жеткирип бергени үчүн акча кошуп төлөө жана техникалык жабдуулар менен автоунааларды тиешелүү тетиктер, зарыл болгон каражаттар менен камсыздоо кирет", — деп кошумчалаган Раимкулова.

Ал эми Бишкек шаардык милициясынан буга чейин ызы-чууну жараткан Эреже бузуулар боюнча кодекси кайта жаңыланмайын айып кагаздарын жөнөтпөй тургандыгын айтышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кодекстин бир нече пунктуна өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алардын биринде айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, каражаттын өлчөмү эки эсе арзандатылаары көрсөтүлгөн.

Оторов: камералар бардык эле эреже бузууларды каттай бербейт
ИИМден бул жол менен бардык рулда отургандарга бирдей, айып пулду кыскартылган суммада төлөсүн деген шарт түзүп берүүгө аракет кылып жаткандыктарын айтышкан.

Эске салсак, өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында салынган айып пулдардын кайда жумшаларын айткан.

Финансы министрлигинин акчаны адегенде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бөлөрү айтылган. Ал техникалык операторлорго техникалык коштоо жана "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн эсептешүүгө кетмекчи. Андан кийин ЖКККББнын токтомдорун унаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына бөлүнөт. Калган сумма УКМКга, Бишкек шаардын ички иштер башкармалыгына жана жолдордун абалына жооп бере турган тараптарга берилмекчи.

Ал эми андан да ашып калган акчаны өкмөт өзү жөндөөрү кабарланган.