Ат үстүндө топ талашкан кыргыз-француз хорсболчулары. Мелдештин сүрөттөрү

Sputnik

Аймактык биринчилик үч жыл катары менен өтүп жатат. Бул ирет мелдешке биринчи жолу Франциядан келген кыздар командасы катышты. Коноктордон сырткары турнирге алты команда кирди.

Биринчи орунду мурдагы эки чемпионаттын жеңүүчүсү, "Биримдик" командасы утуп кетти. Экинчини "Кабылан" алды. Ал эми коноктор үчүнчү орун үчүн ат салышуудан баш тартып койгондуктан "Улар" командасы жеңүүчү аталып калды.

Суперфиналда "Биримдик" француздар менен ойноп 6:4 эсебинде жеңилип калды.

Кийинки чемпионатты ушул эле райондо бир жылдан кийин өткөрүү пландалды.

Хорсбол — Франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот. Атаандашынын алкакчасына көп топ таштаган команда жеңишке жетет. Ар бир командада төрттөн киши болуп, 10 мүнөттөн эки тайм ойношот.

1 / 13
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда француз оюнчуларынын катышуусунда хорсбол чемпионаты болуп өттү
2 / 13
Хорсбол — Франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот
3 / 13
Турнирге алты жергиликтүү жана эки франциялык команда (эркектер жана аялдардан куралган — ред.) катышты
4 / 13
Франциянын айымдардан куралган тобу биринчи ирет Токтогулда хорсбол ойноду. Алардын кээ бирлери мурда эркектердин командасында ойноп келген
5 / 13
Мелдеш көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты
6 / 13
Француз айымдарын жеңген команда жалпы жыйынтыкта экинчи орунду ээледи. Баса, "Кабылан" хорсбол турнирине биринчи ирет катышып жатат
7 / 13
Биринчи орунду мурдагы эки чемпионаттын жеңүүчүсү "Биримдик" командасы утуп кетти
8 / 13
Суперфиналда "Биримдик" француздар менен кез келди
9 / 13
Оюндун башында кыргызстандыктар активдүү ойноп биринчи таймды 2:1 эсебинде жыйынтыкташкан. Экинчи таймдын ортосунда эсеп саны кыргызстандыктардын пайдасына 4:3 болду. Бирок француздар оюндун акырына чейин үч топту катары менен киргизип жеңишке жетти
10 / 13
Жеңиш ээлерине кубок ыйгарылса, байгелүү орундардын ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды
11 / 13
Француздар жыл өткөн сайын кыргыздар хорсболду мыкты ойной баштаганын айтып, дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүктөрү зор экенин белгилешти
12 / 13
Франциялык хорсболчулар Кыргызстанга тез-тез келип жергиликтүү оюнчуларды машыктырып турушат
13 / 13
Кыргызстандын Хорсбол боюнча федерациясы 2020-жылы өтө турган чемпионатка катышууга максат коюп жатат.