Казакстанга жаңы премьер-министр дайындалды

Жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин президент сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маминдин талапкерлигин президент Нурсултан Назарбаев сунуштап, мажилистин депутаттары колдоп берди.

Акордонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Назарбаев жаңы премьерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду.

Эске салсак, 21-февралда Нурсултан Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кеткен.