БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Премьер-министр Аскар Мамин баштаган өкмөттүн курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ага ылайык, жаңы өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй:
- Смаилов Алихан Асханович – премьер-министрдин биринчи орун басары — каржы министри;
- Касымбек Женис Махмудулы – премьердин орун басары;
- Атамкулов Бейбут Бакирович – тышкы иштер министри;
- Ермекбаев Нурлан Байузакович – коргоо министри;
- Тургумбаев Ерлан Заманбекович – ички иштер министри;
- Абаев Даурен Аскербекович – маалымат жана коомдук өнүгүү министри;
- Бекетаев Марат Бакытжанович – юстиция министри;
- Биртанов Елжан Амантаевич – саламаттык сактоо министри;
- Мухамедиул Арыстанбек – маданият жана спорт министри;
- Жумагалиев Аскар Куанышевич – санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр жай министри;
- Бозумбаев Канат Алдабергенович –энергетика министри.
Андан сырткары, мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Абдыкаликова Гульшара Наушаевна мамлекеттик катчы кызматында калып, премьер-министрдин орун басары болду, Сапарбаев Бердибек Машбекович Актөбө облусунун акими кызматынан кетип, эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министрлигине келди.
Сапархан Кесикбаевич Омаров айыл чарба министрлигин жетектемей болду. Куляш Ногатаевна Шамшидинова билим берүү жана илим министри болду.
Ал эми Роман Васильевич Скляр индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектейт. Руслан Ерболатович Даленов улуттук экономика министрлигинин башчылыгына келди.
Белгилей кетсек, Казакстандын өкмөтү 21-февралда отставкага кеткен болчу.